25-май. Коронавирус 30 адамдан табылды. Көбү Бишкекте. Айыккандары да бар

Бүгүн, 25-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 30 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
• Бишкек ш. – 9 + 8 Санкт-Петербург ш. келгендерден
• Чуй облусу - 1
• Нарын облусу - 5
• Ош ш. - 3
• Ош облусу - 1
• Жалал-Абад облусу - 2
• Баткен облусу - 1
Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 1433 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 12 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саныбейтап:
• Бишкек ш. – 6
• Жалал-Абад облусу – 1
• Нарын облусу – 2
• Ош облусу – 3
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 992 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: